super.kg logo
  Саясат  

Иран ШКУга мүчө болуп кирди

 
Иран Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуп кирди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда саммитте кабыл алынган декларацияда айтылат.
Бүгүн Индиянын төрагалыгы алдында ШКУ өлкө башчыларынын кезектеги саммити онлайн-форматта өтүп, ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы дагы сөз сүйлөп, сунуштарын берди.
Белгилей кетсек, ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия мүчө. Ушул саммиттин жыйынтыгы менен Иран толук кандуу мүчө болуп кирди.
Ооганстан, Беларусь, Монголия байкоочу макамга ээ. Өнөктөш мамлекеттер - Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка, Египет, Сауд Арабиясы, Катар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: