super.kg logo

Чагылгандан кантип сактануу керек? ӨКМ маанилүү эрежелерди тизмектеди

 

Күн күркүрөп, чагылган түшүп жаткан учурда электр зымдарынан алыс качыңыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайында көп катталуучу чагылгандан сактануу үчүн бир катар маанилүү эрежелерди сунуштайт.

Күн күркүрөп, чагылган түшсө:
  • эгерде сиз айылда болсоңуз: терезелерди, эшиктерди, морлорду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз. Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат. Телефон менен сүйлөшпөңүз, электр мамычалардын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;
  • чагылган түшкөндө электр зымдарына, антенналарга жакындабаңыз, терезенин жанында турбаңыз, чагылган түшчү белгилер пайда болсо, телевизорду, радиону жана башка электр приборлорун тез арада өчүрүңүз;
  • эгерде сиз токойдо болсоңуз, анда токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;
  • суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз;
  • талаада же баш калкалоочу жай жок болсо, бүт денеңизге электр тогун тийгизип, жерге жатпаңыз, ал эми ойдуңда, сайда же башка табигый ойдуңда бутуңуздарды кучактап чөгөлөп отуруңуз;
  • эгер спорт менен машыгып жатканда чагылган башталса, дароо токтотуңуз. Металл буюмдарды, мотоцикл, велосипед, муз кесүүчү буюмдарды четке коюп, алардан 20-30 метр алыстыкка жылыңыз;
  • автоунаада отурганда күн күркүрөсө, аны таштап кетпеңиз, терезелерди жаап, радиоантеннаны түшүрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: