super.kg logo

Бишкек мэриясы жол боюндагы бордюрлардын бузулуу себептерин айтты

 
Бишкекте айдоочулардын этиятсыз мамилеси Манас проспектисиндеги бордюрлардын бузулушуна алып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Бишкек мэриясы жалпы айдоочуларга кайрылды.

Маалым болгондой, жол боюндагы бордюрлардын бузулушуна айдоочулардын унааларды этиятсыз башкаруусу себеп болууда. Бордюрларга унаалар көп урунгандыктан алар бузулуп, же ордунан жылып кеткен учурлар көп болуп жатат.

Белгилей кетсек, "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Манас проспектисиндеги Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бордюрларды оңдоодо. Жеринде темир торчолор орнотулуп, жылдырылган бордюрлар кайра ордуна коюлуп, бетондолот.

"Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Жол эрежелерин сактоону, шаардын чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону, жол инфраструктурасына аяр мамиле жасоону өтүнөбүз", - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: