super.kg logo

Алты айда Жогорку Кеңешти каржылоого бюджеттен жарым миллиард сомдон ашык каражат сарпталды

 

Быйыл алты айда Жогорку Кеңештин чыгымдарын каржылоого бюджеттен 571 миллион 752,1 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, каражаттын негизги бөлүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын, алардын жардамчыларынын жана башка адистердин эмгек акысы болуп эсептелет. Бул сумма 398 миллион 526,1 миң сомду же бөлүнгөн акчанын 69,7 пайызын түзөт.

Мындан тышкары, дагы 57,2 миллиону башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга жана 53,9 миллиону Социалдык фондго чегерүүлөргө жумшалган.

Унаа жана жабдуулар үчүн 21 миллион 339 миң сомдон ашуун, ошондой эле кызматтык сапарлар үчүн 15 миллион 540 миң сом каралган. Ал эми байланыш үчүн 2,3 миллион сом жумшалган.

Кошумчалай кетсек, 12,6 миллион сом Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фонду болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: