"Чычкандар менен күрөшүүнүн жолу". "Рахат Лукум" кафесинде эми мышык жүрөт (видео)
Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан "Рахат Лукум" кафесинде эми мышык жүрөт. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу билдирип, видеосу менен бөлүшкөн.
"Мышык жүрө берсин, келемишке караганда таза жана адал", - деп жазып калтырган ал.
Аталган видеонун астына "алар чычкандар менен күрөшүүнүн жолун табышкан турбайбы", "кечээ келемештердин нөөмөтү болсо, бүгүн мышыктыкы экен да", "жакында зоопарк ачса болчудай го", "Том менен Джерри болду бул жагы" деген сыяктуу ар түрдүү тамашалуу пикирлер жазылууда.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги "Рахат Лукум" кафесинде келемиштердин самсы коюлган текчеде аралап жүргөн видеосу тарап, коомчулукта талкуу жараткан. Көп өтпөй Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору аталган кафенин ишин токтоткон.
видео

