Чолпон-Атада 26-июлда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда бизнес форум өтөт
26-июль күнү Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отурумунун алкагында бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
"Анда туризм, өнөр жай, айыл чарба, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу, маркетинг жана консалтинг сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүндө сөз болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Бизнес-форум эки өлкө ортосундагы бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда мамилелерди орнотуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.
Форумга катталууга шилтеме: https://forms.gle/42G6WGQm6qRmoxBJ7


