super.kg logo

3-июль - "тарых боюнча эң ысык күн" деп аталды 

 

3-июль - бардык мезгил боюнча эң ысык күн катары катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, 3-июлда глобалдык орточо температура 17,01 градусту түзгөн. АКШнын метеорологиялык кызматынын чөйрөнү коргоо боюнча улуттук борборунун маалыматына ылайык, 3-июлдагы күндүн табы 2016-жылдын август айында катталган 16,9 градус рекорддук температурадан ашты.

Климаттын өзгөрүшүнөн улам аба ырайынын кескин жогорулашы дүйнөнүн бир нече өлкөсүнө терс таасирин тийгизип жатканы айтылууда. Алсак, АКШда деңиз жээктериндеги суунун ысышы балыктардын кырылышына алып келсе, Кытайда жогору температурадан улам ооруканага кайрылгандардын саны өсүүдө.

Ал эми Индияда болсо аба ырайынын жогорулашынан улам 150дөн ашык адам каза тапкан. Ошондой эле Ирандын расмий агенттигинин маалыматына караганда, 3-июлда Зехек жана Хирменд шаарларында абанын температурасы 50 градуска жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: