super.kg logo

Бишкектин бир көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды 

 

Бишкекте Керченский чолок көчөсү Элебесов көчөсүнөн "Дача-Керченская" конушуна чейинки жол капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын жумушчулары шаардын жолдорун оңдоодо ирригациялык системаны орнотуу менен баштады. Андан соң жолдун кыртышын тегиздөө башталат.

Белгилей кетсек, жолдун узундугу 720 погондук метр, туурасы 5,5 метр, жөө адамдар үчүн жол тилкеси 1,5 метрди түзөт.

"Орозбеков көчөсүндөгү унаа жолду оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Жумушчулар Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин асфальтбетон аралашмасынын экинчи катмарын төшөөдө. Жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери чийилгенден кийин унаа жолу ачылып, тротуарды оңдоо улантылат", - деп билдирди калаа мэриясынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: