super.kg logo

Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин эстелиги ачылды (фото)

 

Бүгүн, 5-июлда "Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө кинорежиссёр Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, иш-чарага Шамшиевдин үй-бүлөсү, жакындары, санаалаштары жана бийлик өкүлдөрү катышты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров режиссёрдун элеси анын замандаштарынын жүрөгүндө жашай берерин баса белгиледи.

“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен тең тайлаша аларын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссёрдун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт”, – деди Жапаров.

Ал ошондой эле 2022-жылы президенттин жарлыгы менен Болотбек Шамшиевге “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен эң жогорку өзгөчөлүк – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылганын кошумчалады.

“Болотбек Шамшиевдин ысымы кыргыз маданиятында жана кино искусствосунда түбөлүк алтын тамгалар менен жазылат”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Иш-чаранын алкагында Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө "Ак шумкар" ордени тапшырылды.

Эскерте кетсек, эстелик скульптор Тамила Маматова жана Багдад Калчаеванын жетекчилиги астындагы Кыргыз усталары тарабынан жасалып, кинорежиссёрдун 40 жаштагы элеси чагылдырылган.

Белгилей кетсек, Болотбек Шамшиев "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон.

Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: