super.kg logo

Нидерланды мектеп окуучуларына уюлдук телефон колдонууга тыюу салат

 

Нидерландыда 2024-жылдын 1-январынан тарта мектеп окуучуларына сабакта уюлдук телефондорду, планшеттерди жана акылдуу сааттарды колдонууга тыюу салынат. Анткени алар окуучуларды алаксытып, сабакка терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүнө таянып жергиликтүү басылмалар билдирди.

"Уюлдук телефондор жашообуз менен тыгыз байланышта болгонуна карабастан, класста аларга орун жок. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, уюлдук телефондор тоскоолдуктарды жаратат", - деген аталган өлкөнүн билим берүү министри Робберт Дейкграаф.

Өкмөт аппараттар санариптик көндүмдөр боюнча сабактар ​​учурунда же болбосо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тарабынан колдонулса, уруксат берилерин айтты.

Мектептер бул тыюу салууну кантип ишке ашырууну өздөрү чечиши керек. Бирок чаралар 2024-жылдын жай айына чейин ишке ашпай калса, мыйзамдуу чара көрүлөт.

Мындай чара Билим берүү министрлиги, мектептер жана тиешелүү уюмдардын ортосундагы макулдашуунун жыйынтыгында кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: