Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыргыз кыз аман-эсен табылды
Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыргыз кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-июлда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкова SUPER.KG порталына тастыктады.
Анын айтымында, дайынсыз болгон кыз эң башкысы аман-эсен табылган. Башкы консул толук маалымат бир аздан кийин пресс-релиз аркылуу жарыяланарын айтты.
Эске салсак, 24-июнь күнү Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кыргызстандык аял чалып, кызынын дайыны чыкпай жатканы тууралуу маалымат берген. Анда Ж.Ш.Б. аттуу Кыргыз жараны Болгариянын Варна шаарына жолго чыккан. Ал Бишкектен Стамбулга учак менен барып, андан ары автобус менен Варна шаарына кетмек болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.