Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келген 2 тоннадай тиричилик буюмдары аныкталды





Баткенде жалпы салмагы 2 тоннага жакын тиричилик буюмдарын жана азык-түлүктөрдү мыйзамсыз ташып келүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Б.И.Б. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын жүк салонунан ассортименттеги чарбалык товарлары жана тамак-аш азыктары аныкталган.
Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болгон.
"Кармалган товарлар чектеш ЕАЭБ мамлекетинен алынып келген. Жалпы салмагы 1833,3 килограммды түзсө, орточо базар баасы 342 миң 905 сомду түзгөн", - деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча чогулган материалдар бажы кызматынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.