super.kg logo

Нурдан Орунтаев калаадагы мыйзамсыз объектилерди буздурууну улантууда (сүрөт)

 

Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтев Манас айылы көчөсүндөгү мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын «Бишкек башкы архитектура» МИнин, Ленин районунун акимчилигинин жана «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Буга чейин шаардык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн комиссиялык иликтөө учурунда жер тилкеси муниципалдык аймактын эсебинен 375 чарчы метрге кеңейтилгени аныкталган. Кеңейтилген аймакта капиталдык курулуштар, тосмолор үчүн фундамент жана тиешелүү документтери жок гараж курулган.

Маалым болгондой, чыгыш тарабында көчө боюнда 1,10 чарчы метр чатыр менен капиталдык тосмо орнотулган. Восточная көчөсү 1 дарегинин батыш тарабында 14,20 чарчы метр жер тилкеси жана көчө жээгинде чатыры менен капиталдык тосмо курулган. Восточная көчөсүндө 1/3 дарегинде жер тилкесинин чыгыш тарабынан 14,20 чарчы метр, батыш тарабынан 11,20 чарчы метри кеңейтилген.

Мындан тышкары, Манас айылы көчөсүндөгү 1/3 дарегинде муниципалдык аймакка чыккан пандус жана Манас айылы көчөсү 15 дарегинде капиталдык тосмо алынган.

Ыктыярдуу негизде Восточная көчөсү 1/4 дарегинде жайгашкан 4 кабаттуу турак жайдын темир тосмолору жана чатыры демонтаждалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: