super.kg logo

Дайырбек Орунбеков ЕККУнун өкүлү Тереза Рибейро менен жолукту (сүрөт)

 

Бишкекте Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандын медиа тармагында болуп жаткан акыркы өзгөрүүлөр туурасында пикир алмашуу болду. Негизинен ЕККУ өкүлү Кыргыз Республикасынын “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору менен учурда таанышып жатканын жана анын жыйынтыгында өздөрүнүн сунуштарын бере турганын билдирди.

Мындан тышкары Дайырбек Орунбеков “ЖМК жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин, маалымат таркатуу принциптери жана медиа ресурстарынын өзгөргөнүн, мыйзамдагы өзгөрүүлөр улуттук кызыкчылыктарды эске аларын белгиледи.

Мыйзам долбоору беш жолу толукталды, жумушчу топ түзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн медиа өкүлдөрү түздү. Алардын сунуштары дагы эске алынды. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги, медиа өкүлдөрүнүн орду жогору экенинен кабар берет”, - деди Дайырбек Орунбеков.

Ошондой эле, мыйзам долбоору мааалымат жүргүзүүдө мамлекеттин коопсуздугуна, улуттун моралдык принциптерине коркунуч жарата турган жагдайларга жол берилбеши керектиги эске алынганын кошумчалады.

Тараптар жаңы мыйзам долбоору жыйынтыгында медиа-чөйрөнүн бардык катышуучуларына ыңгайлуу документ болуп каларына ишенимдерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: