super.kg logo
  Саясат  

Миграция жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров «Тышкы миграция жөнүндө», «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалы жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө документке кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 24-майда кабыл алынган.

Алсак, мыйзам Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өлкө аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды өкө аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана башка бир катар бирдиктүү маалыматтык тутумду ишке киргизүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар анын ким экендигин тастыктаган жана макамын ырастаган документ катары жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: