super.kg logo

Кыргыз жарандарынын Түркияда визасыз режимдин мөөнөтүн кеңейтүү талкууланды 

 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз жарандарынын Түркия аймагында жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Элчи Кыргызстан жана Түркия жарандарынын өз ара сапарлары, анын ичинде ички паспорттор боюнча жана Кыргыз жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө чейин кеңейтүү маселелеринин маанилүүлүгүн билдирди.

Мындан тышкары, Кыргыз жарандарынын Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү жана алардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуудан баш тартуулардын санын азайтуу өтүнүчү айтылды.

Ошондой эле элчи Казакбаев түрк кесиптештерине мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарына айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүү жана андан ары мыйзамдаштыруу максатында миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Министрдин орун басары Мехмет Акташ кыргыз тараптын сунуштарын изилдеп жана Түркиянын кызыкдар органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта эки мамлекеттин ички иштер министрлеринин өз ара сапарларын уюштуруу, ошондой эле биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашууга жетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: