super.kg logo

"12ге чейин эле иштейт экен". Тургун Ош облустук ооруканасынын иш графигине нааразы болду

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылды. Окурман Ош облустук ооруканасы саат түшкү он экиге чейин эле иштеп жатканын айтып, нааразы болду.

"Эмне себептен Ош облустук ооруканасы саат 12:00гө чейин иштейт? Алыстан атайын көрүнөйүн деп келдим эле. Ооруканага кечээ саат 15:00дө келгем, жабык баары. Нөөмөттөгү кыздар он экиге чейин эле иштеп, ошого жараша айлык төлөнөрүн айтты. Эмнеге 17:30га чейин иштебейсиңер десем "анда кечке чейин иштегенибизге айлык төлөнсүн" дейт. Алыстан таксиге жол киремди коротуп келсем эми кайра убара болуп кетемби? Бул жакта коно турган үйүм да жок болчу", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






видео

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: