Нурланбек Шакиевге "Ардактуу профессор" наамы ыйгарылды











Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага алгач окуу жайдагы түзүлгөн шарт-жагдай менен таанышып, кеңири маалымат алды. Андан соң профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.
"Жолугушуунун алкагында окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп турган учурдан бери аталган университетке колдоо көрсөтүп, парламенттин төрагасы катары да билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сунуш-пикирлерин берип келе келе жаткан Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, “Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамын ыйгарды", - деп айтылат маалыматта.






1 |