Айбек Абдымомунов Бишкектеги байдарка жана каноэде сүзүү боюнча спорт базасынын абалы менен таанышты






Бүгүн, 5-июль күнү Дене тарбия жана спорт департаментинин башчысы Айбек Абдымомунов "Ынтымак" спорт мектебинин байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Бишкек шаарындагы спорт базасына барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Айбек Абдымомунов спорттук базанын учурдагы абалы менен таанышып, окуу-машыгуу процессинен кабар алды.
"Спорт база 1973-жылы ишке берилип, бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Бүгүнкү күндө анын абалы заманбап санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт жана спортчуларды даярдоо үчүн заманбап шаймандар жок. Департаменттин директору бул маселени карап чыгып, спорт базаны ремонттон өткөрүү жана жайы-кышы окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө шарттарды түзүү иштерин колго аларын билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкөдө байдарка жана каноэ менен сүзүү боюнча 4 спорттук база бар.


