super.kg logo

Талибдер Шанхай кызматташтык уюмунун кийинки саммитине  катышкысы келерин билдирди

 

Талибдер Шанхай кызматташтык уюмунун Казакстанда өтө турган кезектеги саммитине катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Билдирүүдө талибдер аймактагы ынтымак жана коопсуздукка жетишүү жана кызматташтыкты кеңейтүү үчүн мындай жолугушууларды кубаттай турганын баса белгилеген. Ошондой эле оогандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу жана качкындардын кайтып келишине көмөктөшүү зарылдыгын айткан.

Мындан сырткары талибдер алардын өкмөтү инклюзивдүү эмес деген пикирлерге каршы экенин билдиришкен. "Ислам Эмиратында ар кандай тилде, расада жана ориентацияда жашаган адамдар бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 23-саммити 4-июлда виртуалдык форматта өттү. Аталган иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан уюмдун мүчөлөрү катары катышса, Иран расмий түрдө мүчө болуп кошулду. Беларусь менен Монголия байкоочу мамлекет катары, ал эми Түркмөнстан төраганын коногу катары чакырылды. Бирок Ооганстан уюмда байкоочу макамына ээ болгонуна карабастан талибдер саммитке чакырылган эмес.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.07.2023. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашынган динчилдер, талибандар Ооганстандагы аялдардын азабын ого бетер күчөтүүдө. Булардын эч жерде пайдасы жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: