super.kg logo

Түркияда жарым жылда 53 миң жер титирөө катталды

 

Түркияда 6 ай ичинде 53 миң жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Гази университетинин инженердик факультетинин курулуш бөлүмүнүн окутуучусу Бүлент Өзмен Түркияда 6-февралда 9 саат аралык менен эки чоң жер титирөөнүн себебинен жылдын биринчи жарымында 4 баллдан жогору болгон 52 миң 993 жер титирөө болгонун билдирген. Ал өз сөзүндө Түркияда жер титирөөнү пайда кылган көптөгөн факторлор бар экенин жана жер титирөөнүн активдүүлүгү жогору өлкөлөрдүн арасына Түркия дагы кошула турганын белгилеген.

"Түркияда жана анын айланасында 1-январдан 30-июнга чейин, башкача айтканда, 2023-жылдын биринчи жарымында жалпы 52 миң 993 жолу жер титирөө катталган. Бул 6 айда өлкөбүздө күнүнө 4 жолу 4төн жогорку баллда же үч күндө бир жолу 5тен жогорку баллда табигый кырсык катталганын билдирет"- деген Бүлент Өзмен.

Эске салсак, быйыл, 6-февралда Кахраманмараштын Пазаржык районунда күчү 7,7 баллга жана Элбистанда күчү 7,6 баллга жеткен Түркия тарыхындагы эң ири жер титирөөлөр катталган. Анда миңдеген үйлөр кыйрап, 50 миңдей адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: