super.kg logo

Чоң-Алайдагы чек арада жайгашкан айылдарга өзгөчө макам берилди

 

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек ара аймактарында орун алган бардык айылдарга өзгөчө макам берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июнда кабыл алынган министрлер кабинетинин "айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомунун негизинде Чоң-Алай районунун бардык айылы өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине киргизилди.

Айылга өзгөчө макамдын берилиши - мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шарттарын жакшыртуу, алардын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын чек ара аймагындагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилери айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: