11 ай ичинде “Түндүк электрдин” абоненттеринин электр энергия үчүн карызы 2 пайызга азайган
2013-жылдын 1-декабрына карата “Түндүк электр” ААКынын абоненттеринин электр энергия үчүн карызы 340,3 миллион сомду түзгөн. Компаниянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, карыз 7 миллион сомго (2 пайыз) кыскарган.
Жыл башынан бери калктын карызы 4,4 кыскарса, бюджеттик уюмдардын карызы 2,5 пайызга төмөндөгөн. Ал эми өндүрүштүк колдонуучулар 2,5 пайызга кыскарган.
Аймактар боюнча карыздардын төмөндөшү: Бишкек шаары – 2 миллион сом, Чүй облусу – 4,3 миллион жана Талас облусу 742 миң сомго кыскарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

