Баткенде 11 миллион долларды түзгөн агрардык долбоордун иши башталды









Баткенде 11 миллион долларды түзгөн агрардык долбоордун иши башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.
Белгиленгендей, Дүйнөлүк Банк тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 миллион доллар бөлүнгөн. Анын 11 миллион доллары айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат.
Долбоорду АРИС ишке ашырат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткенде «Баткен облусунда жемиштүү өнөктөштүктү куруу үчүн экономикалык абал жана агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү» аталышындагы жыйын уюштурулду. Ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, АРИС, Агровей уюмдарынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынан келген ишкерлер, жергиликтүү ишкерлер менен дыйкан фермерлер катышты.

