super.kg logo

"3600 адам кармалган". Франциядагы башаламандыктын токтогону кабарланды 

 

Францияда 17 жаштагы өспүрүмдүн өлтүрүлүшүнөн кийин башталган козголоңдун токтотулганы кабарланды. Бул тууралуу Франциянын Тышкы иштер министрлиги кабарлаганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, башаламандыктын кесепетинен 800 тартип сакчысы менен 17 бийлик өкүлү жабыркаган. Өлкөнүн ар кайсы шаарындагы 105 мэриянын имараттары өрттөлгөн.

Полиция кызматынын маалыматы боюнча 3600 адам кармалган. Алардын үчтөн бир бөлүгү өспүрүмдөр, 10 пайызы француз жарандыгын албагандар жана көпчүлүгү башаламандыкка катышуу үчүн атайын коңшу өлкөлөрдөн келген. Ошондой эле башаламандыкка катышкандардын 60 пайызы мурда эч кандай жоопко тартылбаганы аныкталган.

Ал эми Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманендин айтымында, 23 миң 878 обьект жана 12 миң 31 автоунаа күйүп кеткен. Болжол менен 2500 курулуш имараты, 168 билим берүү мекемеси жана укук коргоо органдарынын 273 имаратына зыян келтирилген.

Мындан сырткары, полиция кызматы Иль-де-Франс шаарын тинтүү учурунда 1,5 тонна пиротехника колго түшүргөн. Калган аймактарда тинтүү иштери жүрүп жаткандыктан, учурда ал региондордогу пиротехникалар тууралуу маалымат бериле элек.

Ал эми жабыр тарткандар жана каза болгондор боюнча бийлик өкүлдөрү расмий билдирүү тараткан жок. Бирок буга чейин бир адамдын каза болгону боюнча дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: