Акыйкатчынын орун басары ЕККУнун ЖМК маселелери боюнча өкүлү менен жолугушту




Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев ЕККУнун ЖМК маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда жарандардын сөз эркиндиги жана өз пикирин эркин билдирүү укуктары талкууланды. Тараптар жарандардын сөз эркиндигин коргоо боюнча жалпы таанылган нормаларды сактоонун маанилүү экендиги жөнүндө пикир алышты.
Тереза Рибейро ЕККУ Кыргызстанда “Журналисттердин коопсуздугу” деп аталган долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатканын маалымдады.
“Долбоор боюнча Бириккен улуттар уюмуна мүчө болгон мамлекеттерге журналисттердин коопсуздугу боюнча механизмдерди сунуштоо пландалууда. Ошондой эле журналисттердин маалыматка жетүү боюнча көйгөйлөрү бар экенин белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик органдар журналисттерге расмий маалыматты берүүдөн баш тарткан учурлар бар”, - деп айтты өкүл.
Тараптар маалыматка жетүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугун жана укуктарын камсыздоонун маанилүү экендиги жөнүндө өз ара макулдашууга жетишти.
Айтиев Акыйкатчы институту мандатына ылайык, журналисттердин укуктары менен коопсуздугунун сакталышын колдой турганын баса белгиледи.

