super.kg logo

Германияда террордук уюм түзүүгө шектелип кыргыз жараны кармалды

 

Бүгүн, 6-июлда Германияда террордук уюм түзүүгө жана "Ислам мамлекети" уюмуна колдоо көрсөткөн деген шек менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жети жараны кармалды. Бул тууралуу Германиянын прокуратурасынын расмий баракчасында жарыяланды.

Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында кыргызстандык Аброржон К., түркмөнстандык Ата А. жана Тажикстандын Мухаммадхужа А., Нуриддин К., Джамшуд Н., Саид С., Рабони З. аттуу 5 жараны бар.

"Радикалдуу исламдык көз карашта болгон шектүү жети адам бири-бирин көптөн бери таанышат. 2022-жылы жазында Украинада согуш башталгандан кийин алар ошол тараптан дээрлик бир убакта Германияга келишкен. 2022- жылдын июнь айынын аягында Германияда террордук чабуулдарды жасоо максатында алар террордук уюм түзүү үчүн чогулушкан. Буга чейин алар планын ишке ашырууга мүмкүн болгон аймактарды текшерип, курал-жарактарды алууга аракет кылышкан"- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кыргызстандык жарандан башка алты шектүү былтыр апрель айынан бери аталган уюм үчүн акча чогултушканы жана алардын уюмун чет өлкөгө бир нече жолу чыгарып турганы айтылган. Жакынкы күндөрү сот камакка алынгандардын баш коргоо чарасын карай турганы кабарланды.

Аталган окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча үн ката элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: