super.kg logo

Жалал-Абадда 5 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды (сүрөт)

 

Жалал-Абад облусунун айыл аймактарында 5 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Барпы айыл өкмөтүнүн талаа жерлеринде өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, жалпысынан 4 гектар жерден 4 тоннага жакын кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Ал эми Сузак айыл аймагынан 1 тоннадан ашуун жапайы куурай өрттөлгөн.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар арасында баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: