super.kg logo

Бишкекте эл аралык баңги синдикатынын 22 жаштагы мүчөсү кармалды (сүрөт) 

 

Бишкекте эл аралык баңги синдикатынын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылы туулган О.Э. аттуу жарандан болжолдуу салмактагы 6 килограмм «мефедрон» психотроптук затты алышты.

Мындан тышкары, кармалган жарандан ИИМдин БМЖКККнын кызматкеринин жасалма документи алынган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда О.Э. жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн болмок. Мефедрон психотроптук затынын 40 миңден ашуун дозасы өлкө боюнча жайылышына бөгөт коюлган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: