Сентябрда Бишкектен Жиддага туруктуу жаңы авиакаттам ачылат
Жидда — Бишкек — Жидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы каттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Учууларды Сауд Арабиясынын "Flynas" авиакомпаниясы 1-сентябрдан тарта аткара баштайт деп күтүлүүдө. Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Белгилей кетсек, буга чейин 21-августтан тарта Оштон Жидда шаарына үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу пландалып жатканы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.