Бишкектин айрым аймагында таза суу эки күн жок болот
Бишкекте суу алгычтагы оңдоо иштерине байланыштуу эки күн муздак суу берилбейт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу 11-июль күнү саат 08:00дө өчүрүлүп, 13-июлда саат 08:00дө кайра берилет. Өчүрүү аймагы М.Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы – Панфилов көчөсү менен чектешет. Анда турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу берүү убактылуу токтотулат.
"Алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул иш-чаралар таза суу системасын келерки сезонго даярдоого, шаардын бардык тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган. Мындай узакка созулган өчүрүүнүн себеби резервуарларды дезинфекциялоо жана шаардагы суу түтүктөрүндө керектүү иштерди жүргүзүүнү камтыган иштердин чоң көлөмүнө байланыштуу. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат", - деп билдирет маалыматта.
Мындан тышкары калаа мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат.


