super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Ванкуверде ЕККУ ПАнын 30-жайкы сессиясынын ишине катышты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самойкожо, Миргүл Темирбаева жана Жанарбек Акаев курамындагы делегациясы Канаданын Ванкувер шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясынын 30-жайкы сессиясынын алкагында туруктуу комитеттин, үч жалпы комитеттин жана ЕККУ ПАнын пленардык жыйынына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган комитеттердин жыйындарында депутаттар ЕККУ аймагындагы коопсуздукту жана ишеним чараларын чыңдоого байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Парламенттик ассамблеянын күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча баяндамалар жасалды.

"Кыргыз делегациясы жылдык сессиянын жыйынтыктоочу документтерине бир катар түзөтүүлөрдү киргизди. Ошондой эле ЕККУ ПАнын жогорку кызмат адамдарын (ЕККУ ПАнын президентин, ЕККУ ПАнын вице-президенттери жана казыначы) шайлоодо добуш берди.

Ошону менен бирге ЕККУ ПАнын жылдык сессиясына катышуунун алкагында Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин 2018-жылдын 30-октябрындагы №16 атайын токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы ЕККУ ПАда ЖККУ ПАга мүчө парламенттердин делегация башчыларынын координациялык жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө ЕККУ ПА комитеттеринин резолюцияларынын долбоорлору, ЕККУ ПАнын 30-жайкы сессиясына киргизүү үчүн ЕККУ ПА мүчөлөрү тарабынан сунушталган ассамблеянын чечимдеринин долбоорлору боюнча ЖККУга мүчө парламенттердин позицияларын координациялоо маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Жайкы сессиянын жыйынтыгында акыркы Ванкувер декларациясы кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: