super.kg logo
  Саясат  

 Эдил Байсалов иш сапары менен Индияда жүрөт (сүрөт)

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индияга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял менен соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагалары катары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, Байсалов Индиянын тышкы иштер министри Минакши Лекхи менен дагы жолугушту.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин, глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелерин, Индиянын 2023-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана “Чоң жыйырмалык” тобуна төрагалык кылуусунун күн тартибин талкуулашты.

Тараптар заманбап чакырыктарды жеңүү үчүн эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жалпы кызыкчылыкты билдиришти. Ошондой эле эл аралык жана аймактык платформалардын алкагында диалогду тереңдетүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: