Бишкекте «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын конуштарындагы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ишкананын кызматкерлери Арча-Бешик конушунда жарыктандыруу иштерин баштады. Ишкананын бригадасы Ак-Туз көчөсүндө Кара-Кужур жана Кызыл-Адыр көчөлөрүнүн ортосунда, ошондой эле Абдрахманов көчөсүндө Бакаев жана Иманкулов көчөлөрүнүн ортосунда иш алып барышты.
"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 42 светодиоддук чырактарды, ошончо даана кронштейндерди орнотушту. Ошондой эле болжол менен 1100 метр изоляцияланган зым (СИП) жана 400 метр кабель тартылды", - деп билдиришти мекемеден.
Бишкекте конуштар жарыктандырылууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.