super.kg logo

"Кырманга береке!". Баткенде өрүк кургатуу сезону кызуу жүрүүдө (фоторепортаж)

 

Учурда Баткендин негизги кирешесин түзгөн өрүк бышып, элдин баары өрүк кургатуу менен алек болуп жаткан учур. Бул өнүктүк август айынын ортосуна чейин уланат. Ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот.

Жергиликтүүлөр өрүктү кургатуунун 2 түрүн колдонушат. Биринчиси - табигый жол менен экинчиси - күкүрт (SO,2) менен ыштап кургатуу.

Табигый жол менен кургатууда өрүктү терип алып, аны кырманга жайып коюу жетиштүү.

Ал эми күкүрт менен ыштап кургатууда өрүк салынган ящиктерди тегиз жерге төрт бурчтук формасында ортосуна боштук калтырып биринин үстүнө экинчиси тизилет. Бош калтырылган орунга күкүрттү темир идишке салып, аны күйгүзүп түтөтүү керек. Анан жашиктердин үстү клеёнка менен оролуп, ышталган өрүк 10-12 саат дымдалып турат. Андан соң таштан, целлофандан, камыштан жасалган орундарга жайылат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 1000 килограмм өрүккө 1-2 килограмм күкүрт жетет. Ышталган өрүк күнгө жайылып, кичине суусу кургаганда өрүктүн ичинен данегин чыгарып, аны атайын даярдалган тактайларга тизип күнгө коюп кургатышат. Данексиз өрүк как эл арасында "баргек", "кайса", "сыкма" деп аталат.

Бул жылы өрүктүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ эле арзан. Эгерде 2022-жылы түшүмдүн килограммы 600 сомдон 1000 сомго чейин сатылса, бул жылы анын баасы 250 сомдун гана тегерегинде бааланып жатат.

Баткендиктердин көпчүлүгү өрүктөрүн дүң баада өзбекстандык соодагерлерге өткөрүшөт. Бирок жергиликтүү ишкерлердин арасында да өрүктү сатып алып, таңгактап, чет өлкөгө экспортко чыгаргандар бар.

Баткен облусунда жалпы 8 миң гектар өрүк бактары бар. Андан жыл сайын 100 миң тоннадан өрүк жыйналып алынат. Анын 20 пайызы гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда кайра иштетилсе, 80 пайызы чет мамлекеттерге экспорттолот.

Баткендин өрүгү март айында гүлдөйт. Өрүк гүлүн "Баткендин сакурасы" деп атап коюшат.

Ал эми май айынан баштап өрүк быша баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: