super.kg logo

Жыл сайын кичинекей балдардын көбү терезеден кулап каза табат. ИИМ ата-энелерге кайрылды

 
Жыл сайын көптөгөн кичинекей балдар көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинен кулап каза табышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирип, жалпы ата-энелерге кайрылды.
"Көп кабаттуу үйлөрдөгү ачык терезе бала үчүн коркунучтуу. Жай мезгилинде көптөгөн ата-энелер ачык терезе жаш бала үчүн канчалык кооптуу экенин унутуп коюшат. Терезеден кулап кетүү - өзгөчө шаарда, балдарды жаракат алууга, ал тургай өлүмгө алып келген негизги себептердин бири. Балдар табигый кызыгуусунан улам ачык терезеге өтө жакын болушат. Жыл сайын көптөгөн балдар бийиктиктен кулап каза болууда. Ошол себептен сак болгула!" - деп айтылат билдирүүдө.
ИИМ ата-энелерге балдарды терезеден сактоо үчүн бир катар сунуштарды берет:
  • Бала үйдө болсо, терезелерди эч качан ачык калтырбаңыз;
  • Сизге жаныңызда эле отургандай сезилет, бирок сиз алаксып кеткен бир секунд балаңыздын жашоосундагы акыркы көз ирмем болушу мүмкүн;
  • Бала терезеге чыгып, ылдый кулап кетпеши үчүн терезелердин жанына эмерек койбоңуз. Терезелердин жанында балдарга керебеттерге же башка эмеректерге секирүүгө жол бербеңиз;
  • Эч качан терезе торлоруна ишенбегиле! Алар кулап калуудан коргоо үчүн иштелип чыккан эмес;
  • Тескерисинче-терезе тору трагедияга өбөлгө түзөт, анткени бала анын артында өзүн коопсуз сезет жана терезеге да, ага да таянат. Көбүнчө балдар бул торлор менен кошо терезеден учуп кетишет;
  • Мүмкүн болсо, терезелерди астынан эмес, өйдө жактан ачыңыз;
  • Бала терезени өз алдынча ача албашы үчүн терезелерге кулпуларды орнотуңуз;
  • Терезелерге темир торчолорду орнотуңуз. Темир торчо балдарды ачык терезеден кулап калуудан коргойт;
  • Терезеден балага бир нерсени көрсөтсөңүз – аны дайыма бекем кармаңыз, баланын капыстан кыймылдарына даяр болуңуз, алаканыңызды кургак кармаңыз, баланы кийиминен кармабаңыз;
  • Балдарга коопсуздук сабактарын бериңиз. Улуу балдарды кичүүсүн багууга үйрөтүңүз;
  • Эч качан жаш балаңызды кароосуз калтырбаңыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: