super.kg logo

"Акча талап кылабыз дешкен"Сокулукта ишкерди уурдагандар Ноокаттан кармалды

 

Адам уурдоого шектүү катары үч жаран кармалды. Алар өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкерлери катары тааныштырышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-июнунда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ушул эле күнү кечинде Сокулук айылынын көчөлөрүнүн биринен күч колдонуп, белгисиз адамдар арыздануучунун 46 жаштагы тууганын BMW X-5 үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирип, аларга карата чараларды көрүп берүүнү суранган.

Анын негизинде 23-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси «Адам уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн билдиришти.

"Шектүүлөр Ноокат районунун аймагынан табылып, БМВ Х-5 үлгүсүндөгү унааны издөө багыттамасы ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүнө берилди. Жергиликтүү милиция кызматкерлери конуштардын биринен шектүү унааны байкашкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Сокулук районунун 46 жаштагы жашоочусун табууга мүмкүн болгон. Шектүүлөр жана уурдалган жаран турган үйгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери киришкен. Алынган маалыматка караганда, ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А.уулу К. жана 2000-жылы туулган Б.уулу Ш. аттуу Бишкек шаарынын тургундары кармалды.

Учурда соттун чечими менен кармалгандардын бардыгы эки айлык мөөнөткө камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: