super.kg logo

Өзбекстанда кардарлардын эсебинен акча уурдап жүргөн банк кызматкери кармалды

 

Өзбекстанда кардарлардын банктык эсебинен акча уурдап жүргөн банк кызматкери кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Гиждуван районунун тургуну Ички иштер министрлигине банктык картасынан 2 миллион сум өлчөмүндө акча каражаты жок болуп жатканын билдирип, арыз жазган. Тергөөнүн жүрүшүндө акчанын уурдалганы белгилүү болуп, шектүү катары 21 жаштагы банк кызматкери кармалып, анын Гиждуван районундагы банктардын биринде кассир болуп иштей турганы маалым болгон.

Өзбекстандын укук коргоо органдарынын берген маалыматына караганда, кармалган кызматкер 2022-жылдын ноябрь айынан бери 41 кардардын банктык картасынан 21,9 миллион сум (165 миң 800 сом) өлчөмүндө акча каражатын өндүргөн. Ал акча каражатын пенсиядан, 2 жашка чейинки балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдан алып жүргөн.

Учурда уурдалган акчалар кардарларга кайтарылып берилгени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: