super.kg logo

Кыргызстандын коргоо министри Азербайжанга расмий иш сапары менен барды (фото)

 

Кечээ, 6-июлда Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Азербайжанга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш сапардын алкагында министр "Шэхид Аллеясында" гүлчамбар койду. Андан соң эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун башчыларынын расмий жолугушуусу болуп өттү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов менен бетме-бет сүйлөшүү, ошондой эле делегациялардын кең форматта жолугушуусу болуп, келечектеги аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуунун өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов жана коргоо өндүрүшүнүн министри Мадат Гулиев менен жолугушуу пландаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: