super.kg logo

Баткенде абитуриенттер үчүн ЖОЖго кабыл алууда жеңилдиктер каралды

 

Баткен облусунда жалпы республикалык тесттен 100 упай алган бүтүрүүчү бюджеттик негизде, 95 упай алганы келишимдик негизде жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин макулдашуусунун натыйжасында, билим берүү жана илим министринин “Баткен мамлекеттик университетинин абитуриенттери үчүн ЖРТнын босого баллын бекитүү жөнүндө” буйругу чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Ага ылайык, Баткен мамлекеттик университетине 2023-2024-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууда гранттык негизде 100 упай, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына 95 упай бекитилди.

Бул жеңилдиктин максаты, акыркы эки жылда Баткен облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин эске алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

"Анткени 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын куралуу кол салуусунан улам жабыр тарткан жарандар эвакуацияланып, окуучулар башка мектептерге окууга мажбур болгон болсо, Лейлек районун Максат орто мектеби, Баткен районунда Б.Ходжаев жана Достук орто мектептери күйүп, колдонууга жараксыз болгондуктан, окуучулар жыл бою онлайн режиминде окушкан", - деп белгиленет маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин да облус башчысынын сунушу менен 2021-2022-окуу жылында ЖРТнын босого баллын төмөндөтүү менен Баткен Мамлекеттик Университетине гранттык орундар берилип, чек аралаш айылдардан 144 студент бюджеттик, 266 студент келишимдик негизде окууга кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: