Чүйдө мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү май саткан ири кампа аныкталды (сүрөт)







Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан 4-июлда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү-майлоочу майларды саткан ири кампа табылды. Ал жер тиешелүү уруксат кагаздары жана мамлекеттик органдарда каттоо документтери жок май куюучу жай катары жабдылганы аныкталды.
"Учурда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте аныкталган фактыларды документтештирүү, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.