Чүйдө сууга чөгүп кеткен эки адам изделүүдө (сүрөт)





Чүй районунда сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июлда Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй каналына 20 жаштагы жаран түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.
"6-июлда Чүй районунун Садовое айылынын 66 жаштагы М.Т. аттуу тургуну Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Издөө иштери кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган", - деп билдиришти мекемеден.
Учурда 19 куткаруучу тартылып, учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.