Акылбек Жапаров менен “Газпром” компаниясынын төрагасы өз ара кызматташтыкты талкуулашты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда газ менен камсыздоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелери талкууланды. Ошону менен бирге эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстан менен “Газпром” компаниясынын ортосундагы жакынкы келечекте кызматташуунун мындан аркы кадамдары талкууланды.
"Жапаров Миллерге эки өлкө ортосунда отун-энергетика тармагындагы кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Алексей Миллер Кыргызстан “Газпром” компаниясынын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

