super.kg logo

Бишкекте жапайы кара куурайлар жок кылынды (фото)

 

Бишкекте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу боюнча рейд өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Белгиленгендей, рейддин жүрүшүндө Суворов көчөсүндө жалпы аянты 100 метрден ашык жапайы кара куурай өскөн аянттар табылган. Кара куурай кыйылып, өрттөлүп жок кылынды.

Адистер белгилегендей, кара куурайды колдонуу мээнин структуралык бузулушуна, эс тутумдун начарлашына алып келет.

Кошумчалангандай, рейд Свердлов акимчилигинин демилгеси менен мэриянын №20 МАБнын адистери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: