Бишкекте "Тазалык сенден башталат" деген урааны менен акция өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акцияны борбор калаанын мэриясынын шаардык кызматтары баштады. Анда ар бир адам үчүн тазалыктын маанилүүлүгүн чагылдырган бир катар видеолор, анын ичинде анимациялык роликтер даярдалды.

Акцияга белгилүү шоумендер, инфлюенсерлер Элдияр Кененсаров менен Сергей Абдулниязов да кошулду. Мындан тышкары Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков жана манасчылар тазалык тууралуу “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришти.

"Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, тазалыкты сактаңыздар, таштандыларды урналарга жана таштанды контейнерлерине салыңыздар. Шаардагы тазалык ар бирибизден башталат!", - деп кайрылышты мекемеден.