Италияда карылар үйүнөн чыккан өрттүн кесепетинен 6 адам каза болду
Италияда карылар үйүнөн чыккан өрттүн кесепетинен 6 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өрт Милан шаарындагы карылар үйүнөн чыккан. Анда 6 адамдын каза болгону жана 68 адамдын жаракат алганы айтылды. Окуя болгон жерде полиция, өрт өчүрүү жана оорукана кызматкерлери иштеп жатканы кабарланды.
Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери азырынча белгисиз экени айтылууда. Ал эми Милан шаарынын мэри Жузеппе Сала өрт кыска убакытта өчүрүлгөнүн, бирок карылар үйүнүн тургундары коюу түтүндөн улам жабыр тартканын маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.