super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын бириккен королдугунун Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысы элчиден ишеним грамотаны кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн олуттуу кызматташуу потенциалын эске алуу менен эки тараптуу саясий диалогду активдештирүүнүн, соода-экономикалык мамилелерди арттыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошону менен бирге өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өлкө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Улуу Британиянын Элчиси Николас Боулер эки мамлекеттин достук мамилелерин белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары ар кыл тармактарда бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал белгилегендей, Улуу Британия Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча демилгелерди колдойт жана колдо бар потенциалды ачуу үчүн күч-аракет жумшоого даяр.

"Элчи белгилегендей, бүгүнкү күндө биргелешкен ийгиликтүү долбоорлордун бири катары Улуу Британиянын айыл чарба ишканаларында сезондук жумуштарга Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу программасын атоого болот жана бул жылы ага сегиз миңге жакын кыргызстандыктардын катышуусу пландалууда",- деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкө ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: