Бишкекте тартипти көзөмөлдөөчү 22 байкоо камералары иштөөдө (сүрөт)




Бишкекте стихиялуу сооданын тирешүүсү уланып, видеокөзөмөлдөр өзгөчө роль ойной баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Мекемден билдиришкендей, Биринчи Май районунун акимчилиги, РИИБ жана МАБдардын кызматкерлери мыйзамсыз көчө соодасы боюнча иш жүргүзүштү. Анда видеокөзөмөлдөрдүн натыйжасында май айынан бери көчөдө мыйзамсыз соода кылгандыгы үчүн 145 миң сомго айып салынып, 34гө жакын протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, унаа токтотуу эрежелерин бузуулар камеранын объективине түшүп калгандыктан, ЖККБ тарабынан бузуучуларга «Жол бузуулар жөнүндө» кодексинин 188-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып салынды. Эркиндик бульварынан 15ке жакын унаа эвакуатор менен убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
Белгилей кетсек, борбор калаанын борбордук бөлүгүнө 5 адам жүзүн таануучу камера, 16сы Эркиндик бульварынын боюна, 4ү И.В. Панфилов сейил багына орнотулган. Учурда көзөмөл камералары мыйзам бузууларды жазууну улантууда.
Ушул жылдын январь-май айларында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 417 миң сомго айып пул салынып, 128 протокол түзүлдү.

