super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын Ачык биринчилиги аяктады

 
Алыш күрөшү боюнча Эл аралык федерациянын негиздөөчүсү Баяман Эркинбаедин жаркын элесине арналган мелдеште чемпиондор бир күндө аныкталды.
Алыш күрөшүнүн күйөрмандарынын басымдуу бөлүгүн улуу муундун өкүлдөрү түзөрүнүн дагы бир мисалы.
Мелдеш Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өттү.
Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган мелдештин катышуучулары дал ушундай сүрөттөлүш алдында кармашып жатышты.
Мелдешке Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттеринин балбандары катышышты.
Мелдеш айыгышкан күрөштөр менен коштолдду.
Спортчуларга тапшырылуучу медалдар ээлерин күтүп жаткан маал.

Кечээ, 11-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алыш күрөшү боюнча белгилүү балбан Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Кыргызстандын Ачык биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттеринен чогулган 250 спортчу 6 салмак категориясы боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында алтын медалдын баарын кыргыз спортчулары тагынышты.

Байге ээлери Төлөш уулу Бектурсун (60 килограмм салмакта), Аманов Санжарбек (70 кг), Табалдиев Руслан (80 кг), Манапбаев Урмат (90 кг), Барпыбеков Канимет (100 кг) жана Аканов Чыңгыз (100 килограммдан жогорку салмакта) болушту. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: