super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Унаа башкарып бара жатып чылым тарткандарга айып пул салынат"

 

Буга чейин Бишкек шаарынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жүргүнчүлөрдү ташыган №200 кичи автобустун айдоочусу чылым чегип, унаа башкарып бара жатканына нааразы болуп кайрылган.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы мындай учурда айдоочуга айып пул салынат деп билдирди.

"Коомдук транспорттун айдоочуларына рулда чылым чегүүгө тыюу салынган. Эгерде айдоочу коомдук транспортту айдап бара жатып тамеки чексе ага сөгүш берилип, тейлөө маданияты үчүн сый акыдан 100 пайыз ажыратуу түрүндөгү административдик жаза колдонулат. Жалпысынан бул 2000, 3000 сомду түзөт. Эгерде экинчи жолу кайталана турган болсо жумуштан четтетилет. Ошондой эле кимде-ким коомдук транспортту башкарып бара жаткан айдоочунун чылым чегип жатканына күбө болсо биздин мекемеге же 53-17-68, 0555 52-54-52 номурларына кайрылса болот", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: